Жергиликтүү кеңештерге болжол менен 43 пайыз шайлоочу катышты

  29.05.13   08:01
 225

Алдын ала маалыматтарга таянсак, 23 административдик бирдикте болгон мөөнөтүнөн мурда жана кайра шайлоого шайлоочулардын орточо катышуусу 43 пайызды түздү. Бул тууралуу "ВБ"га кечээ, 28-майда Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы Болот Максутбаев маалымдады.

Ал Ноокат шаардык кеңешине жана Майлуу-Суу шаарына шайлоочулардын 41 пайызы, Көк-Жаңгак шаардык кеңешине 44 пайызы катышканын белгиледи.

"14 айыл кеңештеринде кайрадан шайлоо өткөрүлдү, ал эми алты кеңеште мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Шайлоону бурмалоо фактылары катталган жок, Азыркы учурда протоколдор аймактык шайлоо комиссияларынын колунда. Шайлоочулар шайлоонун жүрүшүндөгү эреже бузуулар тууралуу дагы үч күн аралыгында маалымат бере алышат",- дейт ал.

Эскерте кетсек, шайлоо 26-майда өткөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224702

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.