ЖКнын төрагасы Тажикстандын президенти менен жолугушту

  29.05.13   08:08
 244

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кечээ, 28-майда Кыргызстанга расмий иш сапар менен келген Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдайт. Жолугушууга ЖКнын Тажикстан менен кызматташуу боюнча достук тобунун мүчөлөрү Дастан Бекешев, Канатбек Исаев, Чолпон Султанбекова, ошондой эле Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Урмат Саралаев катышты.

Жолугушууда эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтык мамилелерин өнүктүрүү, аймактык коопсуздук, парламенттер аралык мамилелерди тереңдетүү маселелери жаатында пикир алышты.

"Биздин эки бир тууган эл кылымдар бою коңшу жашап, ар кандай маселелерди биргелешип чечип келген. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда саясий түшүнбөөчүлүктүн жоктугу кубандырат. Көз карандысыздыкка ээ болгон жылдары да биздин мамлекеттер окшош маселелерди бирге чечип келатат", - деди Жээнбеков. Төрага акыркы мезгилде жанданып бараткан эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташууга Тажикстандын президенти Рахмондун көңүлүн бурду. Ошондой эле, тараптар буга чейин депутаттык достук топторунун эки жыйыны өткөнүн эске салып, үстүбүздөгү жылы Тажикстандын Согд облусунда жана Кыргызстандын Баткен облусунда эки өлкөнүн спикерлери баштаган парламенттик делегациялардын жолугушуусу пландаштырылып жатканын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Рахмон пландаштырылып жаткан ири экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда кыргыз тарапты Тажикстан толугу менен колдоорун өзгөчө баса белгиледи. "CASA-1000, темир жол курулушу сындуу биргелешкен аймактык транспорттук-коммуникациялык, суу-энергетикалык долбоорлор биздин көз карандысыздыгыбызды жана экономикалык дараметибизди бекемдейт. Өзгөчө көңүлдү жолдордун курулушуна, гидроресурстарды натыйжалуу пайдаланууга, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга бурушубуз керек",- деди Тажикстандын президенти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224705

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.