Мал уурдоо фактысы Ысык-Көл облусунда пикеттин келип чыгышына себепкер болду

  29.05.13   08:10
 301

Ысык-Көл облусундагы Григорьевка айылында жергиликтүү тургундар пикетке чыгышты. Алардын мындай кадамга барышына айылдаш жарандардын мал уурдап кармалышы себеп болгон. Бул тууралуу "ВБ"га кечээ, 28-майда жергиликтүү калк билдирди.

Алардын айтымына караганда, өтүп бараткан дем алышта айылдагы үйлөрдүн биринен эки уй уурдалган. Жабыркагандар арыз менен милицияга кайрылышкан. Ыкчам издөө иш чаранын негизинде, Каракол шаарынан эки жаран уурдалган мал менен кармалышкан. Колго түшкөндөр Григорьевка айылынын тургундары болуп чыкты. Алар айылдын милиция бөлүмүнө алынып келинди. Аталган жайда жергиликтүү эл чогулуп, пикет өткөрүштү. Алар уурдалган малдын кайтарылып берилишин талап кылышты.

Калктын айтымында, май айынан бери бир канча мал уурдалган. Мындан улам, 100гө жакын тургун, жергиликтүү администрациянын башчысына кармалган жарандардын үй-бүлөөлөрү айылдан көчүп кетишин талап кылуу үчүн кайрылышты. Башчы чогулгандардын арызын угуп, 29-майда саат 10до сүйлөшүү үчүн келээрин билдирди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224706

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.