"Сейтекте" мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн концерт уюштурулат

  29.05.13   08:16
 218

31-майда саат 10до, "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн концерттик иш чара уюштурулат. Ага Чернобль АЭСнын катышуучуларынын балдары, коомдук уюмдардын жана реабилитациялоо борборлорунун өспүрүмдөрү, көмөкчү мектептердин жана атайын балдар бакчасынын тарбиялануучулары чакырылган. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, иш чараны социалдык өнүктүрүү шаардык башкармалыгы уюштурууда. Чакырылган балдарга мектепке керектүү куралдар, ошондой эле таттуулар таратылмакчы.

Маалымдама

Бишкекте социалдык өнүктүрүү органдарында 2013-жылдын 1-июнуна карата аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн 15 477 баласы каттоодо турат. Алардын ичинен 8 582си мектеп жашындагылар. 6 895и мектепке чейинки балдар. Ал эми 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген 2 705 бала каттоодо турат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224711

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.