Ички иштер министринин орун басары Нарын ОИИБнын жаңы башчысын тааныштырды

  29.05.13   08:18
 300

КР ички иштер министринин орун басары Фурхат Үсөнов Нарын ОИИБнын имаратына кирүүгө жолтоо кылган жарандардан өтүп, аталган облустун ИИБнын жаңы дайындалган башчысы Нарынбек Молдоисаевди тааныштырды. Бул тууралуу 28-майда, "ВБ"га КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

"Министрдин орун басары нааразы тараптын сөзүн укту. Ошондой эле ал, Молдоисаевдин кызматка келиши Жогорку сот тарабынан чечилгендигин, чечимди сыйлоо керектигин айтты. Мындан кийин митингчилер аларга жол берип, имаратка киришти. Министрдин орун басары башкармалыктын жеке курамына облустун ИИБнын жаңы башчысынын дайындалышы тууралуу министрдин буйругун окуп берди", деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, 27-майда ички иштер министри Абдулда Суранчиев, Нарын ОИИБнын жаңы башчысын дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Анда Жогорку соттун чечими боюнча аталган кызматка Молдоисаев келген. Бирок, ички иштер министринин орун басары Фурхат Үсөнов, жеке курамга башкармалыктын жаңы башчысын тааныштыруу үчүн Нарынга келгенде, 50гө жакын жаран аларды ИИБнын имаратына киргизбей коюшкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224713

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.