Энергетиктер мектеп окуучуларына электр коопсуздугу тууралуу айтып беришти

  29.05.13   08:58
 664

Жайкы каникулдардын алдында "Түндүкэлектро" ААКтык адистери Чүй жана Талас облусунун мектеп окуучулары үчүн электр шаймандарынын жанында турганда кандай коркунучтар туулушу мүмкүн экендиги тууралуу айтып беришти. Бул тууралуу бөлүштүрүүчү компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

"Электрэнергиясы", "Электрошаймандар", "Электрошаймандар менен иштөөдөгү коопсуздук эрежелери", "Электрподстанциялары" деген темалар баштапкы жана орто класстардын окуучулары үчүн электр шаймандары менен кантип туура колдонуу керектигин, электрөткөрүүчү техниканын жанында ойноо канчалык деңгээлде кооптуу экенин, жана өздөрү билген коопсуздук эрежелерин билбеген башка бала жана чоңдорго айтып берүү зарылдыгын айтып беришти", - деп басма сөз маалымдады.

Ошондой эле энергетиктер жергиликтүү гезиттер аркылуу ата-энелерге да балдарын электр шаймандарынан алысыраак кармоого үндөштү. 16 жашка чейинки балдар арасында электр энергиясынан жабыркагандардын басымдуу көпчүлүгү щиттерге, транформатордук подстанцияларга, бөлүштүрүүчү пунктарга жана башка электр жайларга кирип кеткендигине байланыштуу, деп билдирмеде жазылган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224716

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.