"Ак-Жол" өткөрүү пунктунан жасалма номер менен машина кармалды

  29.05.13   09:20
 308

Кечээ, 28-майда "Ак-Жол" өткөрүү пунктунда борбордук бажы кызматынын кызматкерлери жасалма номер тагып алган машинаны кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Мерседес-Бенц Е240" үлгүсүндөгү машина Казакстандан Кыргызстанга келе жаткан. Анын документтерин жана машинанын кыймылдаткычындагы номерлер бир-бирине дал келген эмес. Айдоочу литвалык номерге берилген ишеним катты көргөзгөн.

Тийиштүү документтер жана мамлекеттик номерлер алынып, машина унаа токтотулуучу жайга жеткирилди. Учурда тийиштүү аракеттер жасалууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224719

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.