2013-жылдын DAAD стипендиаттары аныкталды

  29.05.13   09:38
 384

Кыргызстандын 66 өкүлү Академиялык тажрыйба алмашуу Германия кызматынын стипендия сертификаттарын алышты.

DAAD стипендиялык программасы Кыргызстанда 21 жылдан бери иш алып барып келет. Программанын өзгөчөлүгү, немец тилин үйрөнүп жаткандардан тышкары англис тилин билгендер да номинант боло алышат.

Кыргызстандагы Германиянын ыйгарым укуктуу элчиси Гудрун Срэга сертифакаттарды берип жатып, быйылкы жылы номинанттардын 70% кыз-келиндер экенин белгиледи.

Быйылкы жылы стипендиялардын жалпы суммасы 600 миң евро. 1991-жылы тажрыйба алмашуу программасы боюнча Германияга Кыргызстандан үч стипендиант барган. Бул жылы болсо, мындай мүмкүнчүлүк 66 адамда бар. Алардын айрымдары жайкы тил курстарына барышса, экинчилери бакалавриат, магистратура, аспирантурада окушат. Арасында илимий изилдөө жүргүзүүгө бара жаткан жаш илимпоздор да бар.

Эң кымбат стипендияны эки айым алышты: DAAD кыздардын ЖОЖдо билим алуусун каржылайт. Кийин, каалосу болсо окууларын бакалавриат же магистратурада улантышат. Бул Бишкектеги №23 гимназия мектебинин окуучусу Камиля Бабажанова жана Таластын гимназия-мектебинен Айгерим Огобаева болушту.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224720

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.