Бишкекте чиновниктердин өзүм билемдигине каршы акция өтөт

  29.05.13   09:53
 280

30- майда Бишкекте чиновниктердин өзүм билемдигине каршы тынчтык акциясы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда "ВБ"га "Эркин Эл" саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков билдирди.

Анын айтымында, жарандардын биригүүсү менен гана мыйзамсыз шаардын эс алуучу жайларындагы бак-дарактарды кыюу жана муниципалдык объекттилерди сатууну токтотсо болот.

"Борбордун эс алуучу жайларындагы, Карагач токойчосундагы жана Ататүрк паркындагы көгөрүп турган бак-дарактарды кыюу токтобой жатат. Ошондой эле муниципалитетте коррупция гүдөп жаткандыктан балдар аянтчасы, үйлөргө тиешелүү аймактар жана муниципалдык жолдор сатылып кетип жатат. Чиновниктердин уятсыздыгы борборду стихияга жана баш аламандыкка алып келүүсү мүмкүн", - деди Аскарбеков.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224721

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.