Мал уурдагандыгы үчүн айыпталып жаткан айым Чолпон-Атага камакка алынды

  29.05.13   10:26
 208

Кечээ күнү өткөн митингтин себепкери болгон айым чолпонаталык камак жайына камалды. Ал Ысык-Көл облусундагы Григорьевка айылында мал уурдаган деп айыпталып жатат. Бул тууралуу "ВБ"га ИИМден билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, дем алыш күндөрү айыл тургундарынын эки үйү, бир торпогу жоголгон. Уурулар Караколдон малды сатып жаткан жеринен камакка алынган. Мал уурдаган айым 1979-жылы туулган Григорьевка айылынын жашоочусу экени белгилүү болгон. Ал дароо эле бардыгын мойнуна алып, ага карата кылмыш иши козголгон.

Айыпталып жатканды айылга алып келгенде, жергиликтүүлөр, андан акыркы айда уурдалган малдын ордун толуктоосун доолашып, ага тиешелүү болгон малды өз ара бөлүштүрүп алганга аракет кылышкан. Бирок жерине жетишип келген Ысык-Көл районунун ИИБсинин орун басары айыл тургундары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өзүм билемдикке жол берген эмес.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224724

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.