Президент аскер кызматкерлерин Куралдуу күчтөрдүн күнү менен куттуктады

  29.05.13   10:41
 276

Бүгүн, 29-майда президент Алмазбек Атамбаев КР Куралдуу күчтөрүнүн 21 жылдыгы менен куттуктады.

Президент куттуктоосунда Куралдуу күчтөрдүн эгемендик жылдарында татаал жолду басып өткөндүгүн, жоокерлерибиз өз милдетин так аткарып, чыныгы офицерлер намыска бек туруп, жоопкерчиликтүү болгондуктан, кыргыз аскери күч алып, калыптанды,- деп белгилеген.

Ошондой эле өлкө башчысынын куттуктоосундо "Ушул күнү биз тарыхтагы эң оор мезгилдерде өз Мекенин коргоого аттанышкан мекендештерибизди: Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калгандарды, Ооганстанда жана Баткенде курман болгондорду, 37-жылдары жана 2010-жылдын апрелинде эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн өз өмүрүн арнагандарды эскерели. Тынчтык жана бейпилдик үчүн кандай жоготууларга учураганыбызды эч качан унутпайлы.

Өлкөбүздү, улуттук кызыкчылыктарыбызды коргогонго даяр бололу. Биз бардык мамлекеттер менен бирге тынчтыкта, достукта жашоого умтулабыз. Биргелешкен күч-аракеттер менен гана эл аралык терроризмге жана экстремизмге, трансулуттук кылмыштуулукка жана баңгитрафикке туруштук бере алабыз",-деп айтылат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224725

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.