Милиция Кумтөр жолун тороп, митингге чыккандарды таратуу аракетин көрбөйт

  29.05.13   10:43
 283

Эки күндөн бери митингге чыгып, Кумтөр алтын кенинин жолун тороп жаткан минтингчилерди Ысык-Көл облустук ИИБнын кызматкерлери таратуу арекетин көрбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда "ВБ"га ИИБнын ага инспектору Сталбек Усубакунов билдирди.

" Учурда ал жакта 50 милиция кызматкери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат", - деди ал.

Ошондой эле ал, жолду 200-300дөй Жети-Өгүз районунун тургундары тороп алгандыгын маалымдады.

Буга чейин "Кумтөрдүн" экологун карышкыр тиштеп алгандыктан ага бара жаткан тез жардамды пикетчилер 5 саат өткөрбөй койгондугу айтылган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224726

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.