Борбордук Азиядагы англис тил мугалимдеринин конференциясы Кыргызстанда өтөт

  29.05.13   10:43
 300

Июнь айында Кыргызстанда Борбор Азиялык англис тил мугалимдеринин конференциясы American English регионалдык программалар офисинин колдоосу менен өтөт.

Жакында эле аталган офистин Астанадагы директору Женифер Ухлер Бишкекке келип кетти. Ал Борбор Азиялык беш мамлекеттеги программаларды тең тейлейт. Ухлер региондогу англис тили мугалимдеринин уюму Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркменстандан келген 250 мугалимдин катышуусу менен Ысык-Көлдө чоң форум уюштурууга даярдык көрүп жаткандыгын белгиледи.

"Ысык-Көлдө өтө турган форумга катышуусу үчүн Борбор Азиялык региондон 150 мугалимдин келүүсүнө көмөктөштүк. Бул англис тилин жогорку деңгээлде окутуп жаткан мугалимдердин бир жерге чогулуп, таанышып, тажрыйба алмашып, жаңы методикалар тууралуу билүүнүн жалгыз мүмкүнчүлүгү. Дүйнөнүн башка региондорунан 20 эксперттин келүүсү да күтүлүүдө", - деди Женифер Ухлер.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224727

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.