Футбол: бүгүн Кристиан Карамбёнүн катышуусу менен Легенда Кубогу ойнотулат

  29.05.13   10:52
 257

Бүгүн, 29-майда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо оштук "Алай" менен канттык "Абдыш-Ата" экөөнүн ортосунда экинчи ирет Легенда Кубогу ойнотулат. Кыргызстандын футбол федерациясынын берген маалыматына ылайык, матчка Франциядан келген атактуу Кристиан Карамбё да катышат. Футбол жылдызы оюн талаасына чыгып, ар бир команда үчүн бир тайм өткөрөөрү күтүлүүдө.

Эске салсак, былтыркы жылы Легенда Кубогу үчүн "Алай" менен борбордук "Алай" беттешкен. Матчка УЕФАнын президенти Мишель Платини катышып, "Алайга" алгачкы кубокту ыйгарган. КРФФ УЕФА президенти менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Легенда Кубогу жыл сайын өткөрүлө тургандыгы жар салынган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224730

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.