Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Азербайжан менен беттешет

  29.05.13   11:04
 370

Бүгүн, 29-майда, Кыргызстандын U-17 жаштар курама командасы жыл сайын өтүүчү "Каспий Кубогу" эл аралык турниринде Азербайжан менен старттык матчта беттешишет.

Кыргызстандын футбол федерациясынын маалымдашынча, өзүнүн алгачкы матчын кыргызстандыктар "Байыл Арена" стадионунда өткөрөт.

Эске салсак, былтыркы жылы да Кыргызстан биринчи матчын Азербайжан менен өткөрүп, 1:5 эсеби менен утулуп калган.

Быйыл "Каспий Кубогуна" Кыргызстан, АКШ, Азербайжан, Казакстан, Болгария, Грузия, Түркия, Өзбекстан, Иордания, Уругвай, Япония жана Тажикстандан болуп 12 команда катышат.

Командалар төрт группага бөлүнгөн, ар биринде үчтөн курама бар. Группаларында биринчиликке жеткен командалар кубок үчүн мелдешин улантышат. Экинчи орун алгандары 5-8-орунга чейин мелдеш жүргүзүшөт. Группасынын аутсайдерлери 9-12-орундар үчүн күч сынашат.

Кыргызстан А группасында АКШ жана Азербайжан менен ойнойт. АКШ менен беттешүү майдын 30да болот.

Турнир 28инен тартып 6-июнга чейин Бакунун стадиондорунда өтөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224732

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.