ЖКнын "Парламент" радиосу республиканын бардык аймагына уктурула баштады

  29.05.13   11:21
 384

Бүгүндөн баштап Жогорку Кеңештин "Парламент" радиосу республиканын бардык аймагына уктурула баштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 29-майда өтүп жаткан парламент жыйынында билдирди.

"Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылыштары да республикага жайылтуу аракетин жасап, бирок ишке ашпай келген. Парламенттин ачыктыгын, элге жакындыгын бекемдөөдө радионун иштеши чоң мааниге ээ. Ошондуктан, Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын бул багытта жасаган иши кыргыз парламентаризмин өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы деп ишенимдүү айта алабыз", - деди Жээнбеков.

Буга чейин "Парламент" радиосун Чүй областы менен Бишкек шаарынын тургундары гана FM 90.2 жыштыгында угуп келсе, бүгүнтөн баштап радио республиканын башка аймактарына да чыкты.

Натыйжада Чүй, Бишкекти кошкондо парламенттик радиоуктуруу республиканын калкынын 70 пайызга жакынын камтыйт.

Төмөндө ар бир облуска тиешелүү радиожыштыктарды келтиребиз. Ушул жыштыктарда "Парламент" радиосу саат 9.00 дан 17.00 гө чейин уктурулат.

Талас шаары, Талас району толугу менен, Бакай-Ата районун айрым бөлүгү - FM 90,3

Жалал-Абад шаары, Базар-Коргон, Ноокен, Сузай райондорунун айрым бөлүгү - FM 100,5

Ош шаары менен Кара-Суу районунун айрым бөлүгү – FM 105,0

Нарын шаары менен Нарын районун айрым айылдары - FM 98,7

Каракол шаары менен Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Түп райондорунун айрым айылдары - FM 92,6

Баткен областы менен Баткен району толугу менен – FM 101, 5

Бишкек жана Токмок шаарлары, Сокулук, Москва, Аламүдүн, Ысык-Ата райондору - FM 90.2

Кийинки этапта, ушул жылдын сентябрь-октябрь айларында "Парламент" радиосун уктуруу аймагы мындан да кеңейтилип, радио республикабыздын калкынын 90 пайыздан ашыгын камтыйт.

Эске салсак, парламенттик радио 2006-жылы ЕККУнун (ОБСЕ) жардамы менен ачылган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224734

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.