Бишкекте беш жаңы Wi-Fi аймагы ачылат

Бишкекте дагы беш жаңы Wi-Fi аймагын ачуу пландалууда.
  29.05.13   11:16
 335

Аны Жаңы медиа институту жана "Кыргызтелеком" ААК экөө биргеликте ишке киргизишет.

Бүгүн, 29-майда Жаңы медиа институтунун директору Сергей Макаров "ВБ"га билдиргенине караганда, "Сорос-Кыргызстан" фонддун колдоосу менен анын уюму беш роутер сатып алып жатат. "Кыргызтелеком" Интернетке кошуп, трафик бөлүп бере турган жагын өз мойнуна алды.

Жаңы Wi-Fi аймактар Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде, Эмен сейил багында, Түштүк дарбаза жакта, Москва көчөсү менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги скверде жана Жаштар Аллеясында жайгашат.

Бекер интернет 256 сек/Кбит ылдамдык менен жеткиликтүү болот. Мындан жогору трафик алуу үчүн компаниянын ваучерлерин сатып алуу зарыл.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224736

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.