Депутаттар өкмөттү Кумтөр боюнча отчетту эртелетүүсүн талап кылды

  29.05.13   11:38
 287

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 29-майдагы жыйынында "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Талантбек Узакбаев митингчилер Кумтөр алтын кенине барчу жолду тосуп алганын жана абал чыңалуу бойдон турганын билдирди.

"Жол жабылган. Ал жерде Тамга менен Барскоондун тургундары бар. Жакынкы айылдарда көптөгөн тургандар бар. Ал жерде кан төгүлүүгө алып келбеш керек",- деди ал.

"Республика" фракциясынын депутаты Максат Сабиров жакын арада Жогорку Кеңештин Кумтөр кени боюнча чыгарган токтомун өкмөттүн аткаргандыгы тууралуу отчетун кароо керек деп белгиледи. "Кумтөр боюнча маселе учурда эң актуалдуу маселелерден. Өкмөт болсо эки күндөн бери иштеп атканын билдирүүдө. Бирок министрлер кабинетинин бир да жетекчиси жергиликтүү эл менен жолугушууга барган жок. Көпчүлүгү митингчилердин аркасында бир катар депутаттар турат деп айтышууда. Алардын арасында менин да атым аталууда. Бирок бул чындыкка коошпойт. Токтомда өкмөт Centerra Gold Inc. компаниясы менен болгон сүйлөшүү тууралуу отчетту 1-июнга чейин алып келиш керек деп так жазылып турат. Биз өкмөт үч ай ичинде эмне кылганын билишибиз керек. Министрлер кабинетинин жетекчилери окуя болгон жерде иштеши керек эле",- деди ал.

Өз кезегинде Узакбаев Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеген Темир Сариевди митингчилер менен барып жолугуусун сунуштады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224737

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.