Чолпон-Атада айыл жаштары арасындагы республикалык мелдеш старт алды

  29.05.13   11:37
 321

Бүгүн, 29-майда, Чолпон-Ата шаарында жыл сайын өтүүчү айыл жаштары арасындагы "Дени сак улут-өнүккөн өлкө" урааны алдында республикалык мелдештин финалы башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Калыстар тобунун берген маалыматына ылайык, мелдештин финалына республиканын жети дубанынан келген 600 спортчу катышат. Алар ордо, күрөш, армрестлинг, волейбол, футбол, тогуз коргоол жана жеңил атлетика спорт түрлөрүндө күч сынашат.

Белгиленгендей мелдеш үч этаптан турат. Алгач ар бир райондо айыл өкмөтүнүн деңгээлинде мелдеш өтөт, андан кийин ар бир облустун командалары күч сынашат. Эки этаптын жеңүүчүлөрү финалдык этапта беттешишет.

"Дени сак улут - өнүккөн өлкө" республикалык мелдештери айыл жаштары арасындагы эң массалык иш-чара болуп эсептелет. Жыл сайын бул мелдешке 50 миң киши катышып турат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224738

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.