Депутат: Митингдин айынан Ысык-Көлдө туристтик сезон үзгүлтүккө учурашы ыктымал

  29.05.13   11:45
 299

"Бир митингдин айынан Ысык-Көлдө туристтик сезон үзгүлтүккө учурашы ыктымал". Мындай пикирин бүгүн, 29- майда парламенттин жыйынында "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, интернет аркылуу Ысык-Көлдө митинг болуп жаткандыгынан кабар алган Казакстандан жана Россиядан келген туристтер көлгө барбай коюшу мүмкүн.

"Андан тышкары бүгүн "Газпром" ишканасынын миң адамы жолго чыгышы керек болчу. Бирок эртең менен алар жол жүрүүнү жылдырышты. Андыктан көлдүк депутаттар өкмөт мүчөлөрү менен бирдикте митингчилерге барып, маселени жеринен чечип келүүсү керек. Февралда бардыгы тынч жатып, эми туристик сезон башталганда мындай иштердин уюштурулуп жатышы чагымчыл иш планы болуусу мүмкүн. Бир айылдын тургундары митингге чыкандыгы үчүн облус эли зыян тартып, 3 ай бою көлгө эс алуучулар келбей калышы ыктымал", -деди ал.

Өз кезегинде "Республика" фракциясынан депутат Курманбек Дыйканбаев бүгүн митингчилер 7 боз үй тигип алышкандыгын айтты.

"Алар дагы 20 боз үй тигишет экен. Өкмөт чара көрбөсө митинг бир айга чейин созулуп кетиши мүмкүн. Өкмөт митингчилер менен жолугушууга бара турган болсо, көлдүк депутаттар дагы даяр", - деди эл өкүлү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224739

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.