Бишкек тургунуна бычак менен кол салган Россия жараны кармалды

  29.05.13   11:53
 280

Бишкек тургунуна бычак менен кол салган 40 жаштагы Россия жараны кармалды. Бул тууралуу шаардык ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ 28-майда, түнкү саат 2де 4-шаардык ооруканага бычак менен төш сөөгүнө жарат алган "Арча-Бешик" жаңы конушунун тургуну келип түшөн. Алгачкы тергөө иштеринин негизинде ага таанышы бычак ургандыгы аныкталган.

Ыкчам иликтөө тобу окуянын изин суутпай шектүү делген Россиянын жаранын колго түшүрүшкөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224740

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.