Жол тосууда турган ИИМдин курсантын улгайып калган айдоочу сүзүп кетти

  29.05.13   11:52
 353

Өкмөттүк трассасынын тосуу учурунда ИИМ Академиясынын курсантын улгайып калган айдоочу сүзүп кеткен. Айыпталуучу кылмыш ордунан качып кеткен. Бул тууралуу "ВБ"га ИИМден кабарлашты.

Ведомствонун маалыматы боюнча, кечээ ШККУ мамлекеттеринин жетекчилери Бишкекке келген учурда, болжол менен саат 14.40, Тынчтык проспектисиндеги "Ретро-Метро" дискобарынын жанынан, "Тойота" унаасынын айдоочусу короодон чыгып келе жатып ИИМ Академиясынын 3-курста окуган курсантын сүзүп кеткен. Курсант кортеж жакындап калгандыктан айдоочуга трассага чыгуусуна жол бербей жаткан. Жигитти сүзгөн 50 жаштагы киши качып кеткен.

"Буту сынган курсант больницага жеткирилип, дарыгерлер жаракатын фиксация кылышкан. Кылмышкердин унаасы табылып, токтоочу жайга токтотулган, айдоочунун өзү кайда экени белгисиз. Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деп ИИМден маалымдашты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224741

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.