Жыл башынан бери ШИИБден маңзат менен 4 милиционер жумуштан кеткен

  29.05.13   12:03
 284

"Маңзат колдонгондугу үчүн 2013-жылдын башынан бери Бишкек ШИИБден 4 милиция кызматкери жумуштан кеткен". Бул тууралуу 27-майда "Вечерний Бишкек" гезитинде өткөн түз байланышта шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 4 айында ШИИБдин жеке курамынан 346 мыйзам жана тартип бузуу фактысы катталган. Ал эми 2012-жылдын ушул маалында 574 учур катталган болчу.

"Тогуз кылмыш иши козголду. Мыйзамдуулукту бузгандыгы үчүн 33 кызматкер жоопко тартылды, кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн – 304 кызматкер, терс себептер менен 23 милиция кызматкери жумуштан кетирилген",- деди Турганбаев.

Бишкек ШИИБ тарабынан келтирилген статистикалык маалыматтарга ылайык, ички иштер бөлүмүнөн бир кызматкер героин колдонгондугу үчүн жана 3 кызматкер каракуурай менен нашаа колдонгондуктан жумуштан кетирилген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224742

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.