Тазалыктар кайдан башталат, кимдер баштайт, башталар жери кайсы?

Кирген суудай киргилденген абал качан тунат, качан баары орду-ордуна келет, ким билет, өтө эле узарып бараткандай.
  29.05.13   12:15

Ниет бузарлык таасирлер турмушубуздун туш тарабын каптады. Кирген суудай киргилденген абал качан тунат, качан баары орду-ордуна келет, ким билет, өтө эле узарып бараткандай. Кыргыз тарыхында, эгерим болуп көрбөгөн ыпыластыктар болубатат. Ажыкызданган айтышуулар качан токтоор экен. Кийим-кечебиз кирдесе, самындап жууп койсок тазарат. Кирдеген пейилди кантип тазалайбыз, канткенде тазаланат? "Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот"(Исхак Раззаков). Мен,сен, коом өзүнөн өзү таза боло албайт да. Андай болсо, ал тазалыктар кайдан башталат, кимдер баштайт, башталар жери кайсы?

Өткөн кылымдын 40-жылдары. Айылда ушакчы атыккан бирин-эки кишилердин бири сөз кумарына батып баарлашып отургандарды көздөй келатса: "тургула, кеттик, тигил ит келатат" деп тарап кетишчү. Ушакчы менен ууруну жүзү курусун деп жек көрүшчү. Айылдагы адамдардын кимисинин ким экендиги эл оозуна алынып: митайым, куйту, калпычы, көйрөң, арамза, кошоматчы атыккандар болор эле. Мен билген айылда гана эмес, жер – жерлердин бардыгында ал кезде көрсө, жокчулукка, кыйынчылыктарга карабай адамдарда адамгерчилик, пейил, ниет тазалык табигий бойдон өз күчүндө болгон экен да. А эмичи, эми эмне болубатат? Дүнүйөкорлук, мансапкорлук, алдым-жуттумчулук, айла-амалкөйлүк, алдамчылык, жемкорлук, саткынчылык, кошоматчылык, уурулук, паракорчулук, каракчылык, киши өлтүрүүлөргө чейинки кылмышкерлик жана башка толгон-токой айбанчылыктар, ыпыластыктар ашмалтай абалда. Эки кишинин башы кошулса ушак сөз. Көбүрүп-жабырган көчө сөз. Мектептеги балдарга чейин рекет деген балакет пайда болду. Батыштан, жана башка жактардан агылып келип аткан бузуку таасирлер болушунча болубатат. Ал таасирлердин далайы атайылап жасалып аткандыгы этибарга алынбай, заман ушундай экен, эмне кылабыз деген түшүнүккө моюн сунуп бараткандайбыз.

"ХХ кылым адамзатты эки чоң дүйнөлүк удаа-удаа кан төгүүлөргө, ядролук жардырууларга, илимий-техникалык жетишкендиктерге күбө кылып гана тим койгон жок. Ошону менен катар руханий дөөлөттүн эң башкысы-адамгерчилик касиеттердин бөксөрүшүнө, бүлүндүргүч адепсиз кылыктардын мазактоосуна айланып, алсызданышына жол берди. Менимче – жалпы адамзат коому үчүн ядролук согуштан кийинки эле өтө кооптуу жагдай ушул" (Чынгыз Айтматов). Мухтар Шаханов экөөнүн "Плач охотника над пропастью" деген маек китебинде : "Батыштын туш келди маданиятынын, голливуддук фильмдеринин, компьютердик оюндардын таасирлеринин зыяндуулуктарын көрө билүүгө адамдарды үйрөтүүбүз керек" деп айтылган жери бар.

Улуу адамдын ушул айткандарына маани берилип, коомчулук, жалпы эле эл тарабынан көңүлгө алынгыдай иштер жасалдыбы? – Жок. Жасалган жок.

Идеология деп ар кайсынын башын чаргыттык. Касиеттүү Манас дүйнөсүнө курулай таянып, "Жети осуят" деп жүрдүк. Андан кийин дагы эки жолу "Идеология" сунушталды. Экөө тең турмуштун агымы менен агылып жок болду. Жуккан жок. Мүмкүн да эмес эле.

Идеялык,идеологиялык деңгээлдеги таасирлер эл арасынан чыккан дааналардын, асылдардын сөздөрүндө, айткандарында, алардагы акыл тереңдиктерде экендигине мисалдар, далилдер толубатат. Сөздү узартпай, байыркыларды коюп, адамзат көңүлүнө арзыган айтматовдук акыл таамайлыктардын дагы бирине токтолуп өтөлү.

"Адамга эң кыйыны – күн сайын Адам болуу". Ушул бир ооз сөздө эмне деген маани уюгандыгы чечмеленсе , далай маселе келип чыкчудай. Тээ байыртадан ата-бабаларыбыздын "Адам бол балам, Адам бол" деп сай медиреп айта бергендиктери бекеринен эмес экен да.

1800- жылдары жашап өткөн америкалык ойчул, жазуучу Эмерсон Ралф Уолдо: "Цивилизациянын чыныгы көрсөткүчү – байлык менен билимдин деңгээли эмес, шаардын чоңдугу эмес, өлкө тарбиялаган адамдын адамдыгы" деген экен.

АКШда миллионерлер – 8 миллион. Нобель сыйлыгына арзыгандардын 60 пайызы америкалыктар. Шаарларынын чоңдугу өзгөчө. Анан туруп өлкөнүн бир кездердеги президенти Ричард Никсон айтып атпайбы: "Курал, байлык жагынан күчтүүбүз, жан дүйнө жагынан жардыбыз" деп.

Элибиздеги миңдеген макал лакап накыл сөздөрдүн биринде "Артык дөөлөт баш жарат" деп айтылат. Албетте, абийирдин эмес, дүнүйөнүн кулу болуп калсак. Акыл тирек акыл таамайлыктар, айтымдар, учкул сөз, улама сөз жагынан кыргыз элинин айырмаланган жактары улам кийинки муундарда кемий берсе өзөккө зак кетер. 1838-1920- жылдары жашап өткөн айтылуу аалым Нурмолдо: "Заманыңды тааный бил, анте албасаң ал сенин жүрөгүңө кадалган казык болор" деген тура.

Азыркы заман айтылып жүргөндөй – маалыматтык технологиянын заманы. Ааламдашуунун заманы. Оң тескери, жакшы жаман, адал арам таасирлерге жыш заман. Мунун баары эл башчылары, элдин өзү тараптан эске алына турган заман. Бийлик жана бизнес чөйрөсү, коомдук жана саясий күчтөр, кары жаш дебей калайык калк, акыл айтар аксакалдар, бүт жалпы кыргыз эли, кыргызстандыктар бир тилекте келечекти көздөөгө ала турган заман. Эли момун, жери сонун экен деп көз арткандарга жем болуп кор болбойбуз десек, башка жол жок. Ар кандай кер келбеген кыйчалыш кырдаалдарда эзелтеден эл кишилери, акылга келип, арга таап, элибиздин элдигин сактап, алакандай аз кыргыздын жок болуп кетишине жол бербей, ХХI кылымдын кыйырына жеткиргендигин андан ары учтан түпкө, укумдан тукумга улантуу азыркы атуулдардын тарыхий парзы.

Эл арасында, коомчулукта эмне деген аракеттер болубатат, көбүнөн кабардармын. Жер-жерлерде, республикабыздын ар тарабында эл менен жолугушууларга катыштым. Элине арка бел боло ала турган эр азаматтар бириксе, биргелешсе, кыргыз эли, кыргызстандыктар, өлкөбүз өнүгүү жолуна түшүп, бардык маселенин оңуна келишине социалдык да, табигий да негиздер толук жетишерлик.

"Кыргызстандын идеялык картасы", "Прогрессивдүү Демилгелер фонду" деп мурдагылардан айырмаланган жаңы иш, кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк "Акыл тирек" жарышы ар нерсенин көзүн таба билген билгилерди бириктирип, өлкөнү келечекке түздөй турган коомдук күч катары жалпы элдик колдоого татыктуу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224743

 Комментарийлер:
#1 Нуриза Режебалиева
2016-02-20 20:55:54 Цитата / 0 / -

Туура мен таза болсом,сен таза болсон коом таза болот демекчи болушунча таза журолу.Кыргызстанды таза кармайлы.

#2 Чынара Рысбаева
2017-05-18 11:50:09 Цитата / 0 / -

Эн жакшы

#3 Айзирек
2017-05-20 15:49:26 Цитата / 0 / -

Коомду таза кармайлы Жана ишибизде так бололу

#4 гаухар Алмазбекова
2017-06-11 18:35:52 Цитата / 0 / -

"Сен таза болсон,мен таза болсом,коомда таза болот"."сен окусан,мен окусам,анда баарыбыз билимдуу болобуз"деген сынарындай Исхак Раззаковдун бул созун терээн ойлонсо терээн мааниси бар бул соз биздин алдыга умтулушубузга туртку берет.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.