Кумтөргө барчу жолду торогондор менен Жоомарт Оторбаев жолукту

  29.05.13   12:49
 359

Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев 28-майда Кумтөргө барчу жолду тороп алган митингчилердин лидерлери менен жолукту. Бул тууралуу "ВБ"га бүгүн, 29- майда өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда митингчилер өздөрүнүн талаптарын коюшкан. Өз кезегинде Оторбаев, алар талап кылып жаткан маселелер Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду аркылуу ишке ашырыла тургандыгын айткан.

Учурда пикетчилердин эки өкүлү экономика министри Темир Сариев менен жолугушууга кетти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224747

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.