Канттагы үйлөрдүн бирине ууруга кирген 3 киши кармалды

  29.05.13   13:14
 258

Канттагы үйлөрдүн бирине ууруга кирген 3 киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28 май күнү милицияга Канттын 26 жаштагы тургуну, анын үйүнө түнкү саат 3:00 чамасында 3 белгисиз адамдар кирип келип, күйөөсүн сабап, алардын акчасын жана уюлдук телефонун алып кеткендигин айтып арыз менен кайрылган.

Ысык-Ата райондук ИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүү деп 20, 24 жана 31 жаштагы жергиликтүү тургундарын колго түшүрүшөн.

Учурда алар убактылуу кармоочу жайга жетикирилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224749

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.