Түлеевдин иши боюнча күбө документтерге басым алдында кол койгонун айтты

  29.05.13   13:23
 299

Бишкек шаарынын мурдагы мэри, "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Нариман Түлеевдин сот ишинде "Тазалык" муниципалдык ишканасынын Биринчи Май району боюнча мурдагы директор орун басары Рыспек Сарпашев таштанды чыгаруучу техникаларды сатып алуу боюнча тендердин жыйынтыгына коркутуу болгондуктан кол койгонун айтты.

Анын айтымында, "Тазалык" ишканасынын Биринчи Май району боюнча директордун орун басары болуп 2008-жылдын сентябрынан 2009-жылдын июнь айына чейин иштеген.

"Таштанды чыгаруучу техникалдарды сатып алуу боюнча тендер болуп болбогонун ага катышпагандыктан билбейм. 2008-жылдын октябрь айларында тендер боюнча документке кол коюп бер деп жаш жигит келген. Бирок мен баш тарткам. Андан кийин мени вице-мэрге чакырышып, эгер иштегиң келсе аталган документке кол коюумду айтышты. Мен кол коюуга аргасыз болдум",- дейт Сарпашев.

Эскертсек, Ленин районундук сотунда Аман Сариевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жана башка аткаминерлердин коррупциялык иштери боюнча сот иши жүрүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224751

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.