Мектептердеги тамак аштын сапаты үчүн ижарага алуучуларды милдеттендиришет

  29.05.13   13:17
 345

"Үч тараптуу келишим түзүү аркылуу мектептердеги ысык тамак уюштуруу системасын өзгөртүү керек", - деген пикири менен бүгүн, 29-майда "ВБ"нин пресс-борборундагы басма сөз жыйыны учурунда №20 мектептин директору, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелер ассоциациясынын мүчөсү Чолпон Кудайбергенова бөлүштү.

Анын айтымында, Бишкек мэриясынын шаардык каржы башкармалыгы аркылуу тамактандыруу системасын түп-тамырынан бери өзгөртүү зарыл.

"Ысык тамактын сапаты үчүн, шаардык мектептерге тиешелүү иш-кагаздарды толтуруу жоопкерчилигин мектеп ашканасын ижарага алып жаткандарга жүктөө керек. Ошондой эле ижара алуучуларды меню түзө турган жана анын бардык санитардык нормаларга жооп бере турганын караган кызматкерди, диетолог, технолог же балдар даыргерин штатка алууну милдеттендирүүнү сунуштайм", - деди Кудайбергенова.

Ошондой эле ал мектеп ашканасынын абалын, окуучулардын убагында тамактануусун, ашпозчулардын медициналык көзөмөлдөн өтүп туруусун мектеп директорлору көзөмөлдөшү керек. Ал эми райондук администрациянын жетекчилерин мектеп ашканаларына идиш-аяк, жабдыктар, жууп-тазалоочу каражаттарды алып берүүсүн талап кылуу керек деди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224752

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.