Айыптоонун күбөсү: Түлеев эч качан мага кысым көрсөткөн эмес

  29.05.13   13:38
 285

Бүгүн, 29-майда, борбордун экс-мэри Нариман Түлеевдин сотунда Биринчи Май райондун "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Рысбек Сарпашев бүгүнкү күндө өзүнүн коопсуздугунан кооптонгондугу үчүн эч нерсе айтпай турганын билдирди. Ал айыпталуучу, мурунку шаар жетекчиси - таштанды ташуучуларды сатып алуу үчүн жүргүзүлгөн тендердин жыйынтыктарына кол коюусуун талап кылып эч качан ага кысым көрсөтпөгөнүн айтты.

Айыпталуучу Түлеев: "Эмне үчүн сизди коркутушканда мага айткан жоксуз? Мага ишенбегидей жайыңыз барбы? Мен сизден качан бир нерсе дооладым эле? Мыйзам бузуп кагаздарга кол коюңарды талап кылдым беле?" деп суроо салды.

Баардык суроолорго Сарпашев "жок" деп жооп кайтарды.

Эске салсак, борбордун Лениндик район сотунда Аман Сариевдин төрагалыгы алдында борбор калаанын мурунку мэри Нариман Түлеев жана башка чиновниктерди айыптоо боюнча кылмыш иши каралып жатат. Алар "Кылмыш жолу аркылуу алынган каражатты мыйзамдаштыруу" беренесинин негизинде күнөөлөнүп жатышат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224754

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.