Мектеп директору: Каржылоонун жаңы системасы оңдоого акча бөлбөйт

  29.05.13   14:03
 317

"Келгиле керектөөчүнүн төгүмүн киргизели. Ата-энелердин жардамысыз мектептерди жаңы окуу жылына даярдап бүтүү мүмкүн эмес". Мындай пикирин бүгүн, 29-майда маалымат жыйында №69 мектептин директору, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Сайрагүл Атаева билдирди.

Анын айтымында, советтер союзу учурунда мектептин 22 муктаждыгы каржыланып келген болсо, учурда 3 гана муктаждык каржыланат. Алар айлык, социалдык төлөм жана коммуналдык кызмат. Окуу куралдарына каржы оңдоп түзөөгө жетпегендей эле тартыш.

"Шаардагы мектептерди оңдоо үчүн 9 млн сомдой каражат бөлүнөт. Өткөн жылы ата-энелер тарабынан оңдоо иштерине 10 млн сом чогулган. Жан башына каржылоо системасынын киргизилгендигине карабастан бюджеттен бөлүнгөн каражат жетпейт. Жакында эле биз билим берүү министри Канат Садыков жана вице-премьер-министр Камила Талиева менен жолуктук. Анда билим берүү мекемелерине ата-энелердин жардам берүүсү тууралуу сөз болду. Талиева бизди колдоого алды. Биз окуучуларды оңдолбогон имаратка кабыл ала албайбыз да. Андай болсо санэпидемстанция бизди дароо жабат",- деди Атаева.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224756

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.