Таласта жарандар суу маселеси боюнча нааразычылыгын билдиришти

  29.05.13   14:14
 321

Бүгүн, 29-майда Талас облусттук администрациясынын алдында Кара- Буура районунун Акбашат айылынын 50дөй жараны суу маселеси боюнча нааразычылыгын билдиришти. Алар менен облустун аппарат жетекчиси Байыш Дүйшебаев чыгып сүйлөштү.

Айылдын мурабы Сатылган Абдрахманов айылда жалпысынан 827 гектар сугат жери бар экенин айтат. "Жыл сайын дан эгиндерин сепкенибиз менен каалагандай түшүм ала албайбыз. Себеби суу жетишпейт. Бизден жогорку эки айылдан бизге суу жетпейт. Жергиликтүү бийликтерге кайрылдык, бирок маселебиз чечилбегендиктен облус жетекчисине келүүгө туура келди ",-дейт ал.

Ошол эле айылдын тургуну Ырыс Алыбаев 1992-жылдан бери келе жаткан суу маселеси жыл сайын сугат учурунда кыйынчылык туудура турганын белгиледи. "Биз бийликке кайрылган учурда, облус жетекчилери жерине келгенде гана сууну айылга кетирип жиберишет. Бирок жетекчи кетээри менен суу кайра жок. Эгерде жетекчилер сууну туура бөлүштүрсө маселе болмок эмес", -деди ал.

Ал эми облустун аппарат жетекчиси Байыш Дүйшебаев "мен өзүм бул маселени көзөмөлдөп жеринен чечүү үчүн бара жатам.Тиешелүү жетекчилердин баары тартылууда", -деп маалымдады.

Кошумчалай кетсек, Кара-Буура районунун Чоң Кара-Буура айылында суу сактагыч жайгашкан. Суу сактагычтагы сууну Чоң Кара-Буура, Чолпонбай жана Акбашат айылдары сугат иштерине колдонуу пландаштырылган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224758

 Комментарийлер:
#1 Кени
2013-05-30 16:37:43 Цитата / 0 / -

Кимдин нааразычылыгы болсо минигсиз чечилбей калды го.Бийлик эмнеге буга чейин алып барып жатат оордунан чечпейби.Митингдер Кыргызстанда модага айланды го.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.