Премьер-министр: Насыя берүүдө коррупциялык ишке баргандар катуу жазаланат

  29.05.13   14:17
 301

Эгерде дыйкандарга насыя берүүдө "Айыл Банкы" тарабынан коррупциялык ишке баргандар катталса, банктын жетекчилигине катуу чара көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда журналистерге Эсептөө палатасынын банктын ишмердигин текшерүүгө алып, коррупциялык схеманы аныктагандыгы тууралуу комментарий берип жатып премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жакын арада бул маселе боюнча маалымат бериши керек.

"Эсептөө паласаты өз кызматын аткарды, эми өкмөт Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын корутундусун күтүп жатат. Эгерде факт тастыкталса катуу чара көрүлөт. Өкмөттүн иш пландары бул банк аркылуу ишке ашырылат. Өкмөттүн бардык активдери "РСК Банктта", ал эми айыл чарбасына байланыштуу маселелер "Айыл Банкта". Алар таза иштеши керек. Ал жерде коррупция тууралуу сөз дагы чыкпоосу шарт", - деди премьер.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224759

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.