Парламент жаңы Турак жай кодексинин долбоорун бир жарым жылга тоңдуруп койду

  29.05.13   14:50
 300

Мыйзам долбоор өткөн жылдын 15-сентябрынан бери Жогорку Кеңеште кароосуз жатат, деп "Көп батирлүү үй" ("Многоквартирный дом") коомдук бирикмесинин жетекчиси, укук коргоочу Калича Умуралиева нааразычылыгын билдирди. Депутаттар мыйзам чыгаруучу процессуалдык нормалардын бардыгын бузуп жатышат.

"Белгилей кетсек, Кыргызстанда ушу күнгө чейин совет үлгүсүндөгү Турак жай кодекси колдонулуп келет. Ал документ учурдагы замандын турак-жай коммуналдык тармактагы талаптарына такыр жооп бербейт. Логикага карама-каршы келген токтомдорду кабыл алган учурлар да көп эле кездешет. Ушунун айынан шаардыктар ТСЖларга (Товарищество собственников жилья) ишеним артпай калган", - дейт Умуралиева.

"Парламентте жеке менчик курулуш фирмалардын кызыкчылыгын аябай колдошот. Коммерсанттарга азыркы мыйзамдарагы юридикалык башаламандык пайдасын гана тийгизип жатат. Тиги же бул объектинин курулушуна каршы чыгып, сотко кайрылган жарандардан бир аз күч аракет жумшап коюп эле сот ишин утуп кетип жатышат. Алар жашоочулардын укугун бузуп жатканы анык болуп турса да, сот отурумдарында курулуш компаниялардын күнөөсүн далилдеп берүү мүмкүн эмес", - деп Калича Умуралиева арызданды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224766

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.