"Кыргызалтын" митингден улам Centerraнын акциясы түшүп атканына кабатырланат

  29.05.13   15:26
 246

"Трасса бир канча күндөн бри жабык турат. Митингчилердин аракети бир гана Кумтөр кенине зыян алып келбестен жалпы республикага зыян алып келүүдө. Себеби, кендин токтоп калышы же ишине жолтоо болуудан улам мамлекеттик бюджет керектүү салыкты албай калат",- деп айтылат "Кыргызалтындын" басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Компаниянын маалыматына ылайык, Кумтөрдө күнүнө 16-18 миң тонна кен иштетилет. Эгер ал токтоп калса, жабыктарды кайта ишке киргизүү 4 млн доллар турат. Жолдун тосулушу бош жер кыртышынын жылуусуна да терс таасир тийгизет. Акциянын 32,75%на ээлик кылган "Кыргызалтын" Centerra Gold Inc. компаниясынын акционерлеринин капиталынын түшүнүнө да кабатырланууда.

Эскертсек, кечээ, 28-майда 200гө жакын жергиликтүү тургун Кумтөр кенине барчу жолду тосуп алган. Алар оорукана менен жол салып берүү талабын коюуда. Жолдун тосулушу ишкананын толук иштешине жолтоо болууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224767

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.