"Алиби": Көлдө кайрадан криминалдар баш көтөрө башташты

  29.05.13   15:39
 322

Кыргызстанда акыркы кездери болуп өткөн криминалдык чөйрөдөгү "кыбыр-жыбырлардан" кийин кримчөйрөнүн балдары кайрадан баш көтөрө башташыптыр, деп жазат "Алиби" гезити.

Гезиттин маалыматы боюнча, Ысык-Көлдө бир кезде криминалга "аңчылык" башталганда ийиндеге жите качкан криминалдын балдары азыр кайра келишип, кээ бир эс алуучу жайлардын ээлерин сабап, коркутуп, салык чогулта башташыптыр. "Кичине криминалдан кулактары тынчып, кенен дем ала баштаган бизнесмендердин да шорлору шорподой кайнайт окшоп калды" деп кабатырланган "Алиби" бул тууралуу кийинки сандарында кеңири иликтөөнү жүргүзөөрүн убада кылышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224771

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.