Премьер Кумтөр баюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө 3 ай жетишсиз деп эсептейт

  29.05.13   15:44
 315

"Кумтөргө кетчү жолго митингге чыккандар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат". Бул тууралуу бүгүн журналисттерге премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдириди.

Анын айтымында, митингдин катышуучулары 2009-жылкы макулдашууну жокко чыгарууну жана жергиликтүү тургундарды социалдык пакет менен камсыз кылууну талап кылышууда.

"Бул багытта иштер жүрүп жатат. Тактап айтканда, канадалыктар менен сүйлөшүп жатабыз, ага 3 ай берилген", - деди премьер.

Ошондой эле ал, мындай мөөнөттө маселени чечүү мүмкүн эмес экендигин айтты.

"Маселени чечүү үчүн 3 ай өтө эле кыска мөөнөт экендигин өкмөт эскерткен. Оппоненти жок эле депутаттык комиссия 6 ай иш алып барган. Ошондой эле шартта мамлекеттик комиссия 8 ай иштеген", - деп кошумчалады Сатыбалдиев.

Анын айтымында, 2009-жылкы макулдашууну кайра карап чыгуу үчүн 2003-жылкы макулдашууга кайтып келүү керек.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224772

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.