Россиялык баскетболчу-чемпион Кантта мастер-класстарды өткөрөт

  29.05.13   15:42
 293

Кант оюнчуларына мастер-класс өткөрүү үчүн Россиядан баскетболчу Денис Полохин келди. Бүл тууралуу бүгүн, 29-майда Бишкекте өткөн басма сөз жыйыны учурунда белгилүү болду.

Полохиндин айтымында, жакында эле Россияда баскетбол сезону аяктап, ал учурдан пайдаланып Кыргызстанга келди. "Дүйнөлүк универсиаданын алдында эс алууну пландап жаткам, бирок канттык балдардын чакыруусуна жок дей алган жокмун", - деди ал.

"Абдыш-Ата" Спорт ордосундагы мастер-класстан тышкары, Полохиндин катышуусу менен Кантта "I can" жана "Гиннес-29" командаларынын достук матчы өтөт.

"Азыркы учурда мен көпчүлүк мектептерге инвентарь жана каражат менен жардам көрсөтүп турам. Ошондой эле балдар үйүнө жана интернаттарга жардам кылам. Кыргызстанда ысык-көлдүк балдар үйүнө жардам берем", - деди Полохин.

Ошондой эле Полохин учурда Кыргызстандагы баскетбол спортун жайылтып, өнүктүрүү максатында демөөрчүлөр жана өкмөт менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224773

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.