Орусия: С-300 ракеталары Сирияга сырткы кийлигишүүлөргө бөгөт койот

  29.05.13   16:01
 240
 

Орусия С-300 деп аталган ракеталык комплексин Сирияга берүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Бул болсо Дамасктын өз учурунда сырткы кийлигишүүлөргө каршы туруусуна мүмкүндүк берет дейт орус тарап.

ТИМдин орун басары Сергей Рябков ракета стабилдештирүүчү фактор гана болуп, жаңжалга кийгилишип жаткандарды ооздуктайт деп айтты. Бирок С-300 ракетасын Сирияга жеткирүү аракеттери качан башталаарын орус бийлиги так ырастай элек.

НАТОдогу Орусиянын өкүлү Александр Грушко өз өлкөсү эл аралык укуктук нормаларды сактоо менен аракет кылып жатканын айтып, "биз беребиз деп жаткан курал коргонууга ылайыкташкан" деди.

Би-би-синин Бейруттагы кабарчысы Джим Мьюирдин айтымында, Орусиянын билдирүүсү жаңжалды курчутуучу катары да каралышы мүмкүн. Буга чейинки айтылган кабарларда эгерде Израил Сириянын аба мейкиндигине учууларын токтотсо, Москва өз чечиминен баш тартаары айтылган.

Израилдин коргоо министри Моше Яалон С-300 ракетасы азырынча Орусияда деген билдирүү жасады. "Мен ал ракеталар ошол жакта эле калат деп үмүттөнөм. Эгер Сирияга ташылып келсе анда биз эмне кылаарбыз белгилүү",- деген ал.

Апта башында Брюсселде өткөн Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери чогулган жыйында Сириялык козголоңчуларды куралдандырууга коюлган эмбарго алынып салынган эле. Бирок дипломаттар жакынкы убактарда Евробиримдикке кирген өлкөлөр Сириядагы козголоңчуларды курал менен камсыздоодон карманып турушаарын айтып чыгышкан.

Франция менен Британия 2011-жылы май айында киргизилген эмбаргону толугу менен жоюуну жана Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп жаткан сириялык козголоңчуларды куралдандыруу зарылдыгына басым жасаган. ЕБнын бир катар өлкөлөрү козголоңчуларды курал менен камсыздоого каршы чыгышты.

Орусия болсо Евробиримдиктин курал эмбаргосун жойгон чечимин сындап, эл аралык нормаларга каршы келет деген билдирүү таратып жатат.

Булак: ВВС Кыргыз кызматы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224775

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.