Булак: Кумтөргө кетчү жолду тороо ишинин артында 2 депутат турат

  29.05.13   16:22
 307

Кумтөргө кетчү жолду тороо ишинин артында азыркы жана мурдагы депутаттар турат. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда "ВБ"га укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдиришти.

Ыкчам маалыматтарга ылайык, Барскоондо каршылык акциясын өткөрүү боюнча айрым бир инструкцияларды "Республика" фракциясынан депутат Максат Сабиров телефон аркылуу таратып жаткандыгы, ал эми экс-депутат Кубанычбек Исабеков жеринде митингчилерге буйрук бергендиги аныкталган.

"Кумтөргө каршы митингдер кызматтан кеткен адамдардын өлкөдө туруксуздукту жаратуусу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Алардын планы боюнча Кумтөр кенинин иштебей токтоп калуусу мамлекеттин бюджетинин төмөндөөсүнө алып кетет жана айлык акы, пенсия, жөлөк пулдар өз убагында берилбей калат. Мындай жол менен алар азыркы бийликтин алсыздыгын коомго көрсөткүлөрү келип жатат", - дейт булак.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224776

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.