Эртең Бишкектин айрым райондорунда жана Чүй облусунда электр жарыгы өчүрүлөт

  29.05.13   16:24
 314

30-майда Бишкектеги "Асанбай" кичи районундагы №№ 21, 23, 25 көп кабаттуу үйлөрдө, Месароша, Серпуховская көчөлөрүнүн барчаларында, Исанов, Московская, Манас көчөлөрүндө, "Ак-Өргө" конушунун (Саманчы көчөсүндө) саат 9-00дөн 17-00гө чейин электр тармактардагы профилактикалык иштерге байланыштуу убактылуу электр энергия өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан билдиришти.

Ошондой эле 30-майда, Чүй областындагы Кара-Балта шаарынын бир бөлүктөрүндөгү (Демьяна Бедного көчөсүндө) , Жон-Арык, Жайыл айылдарынын бир бөлүгүндөгү (Центральный көчөсүндө), Беловодск айылынын чыгыш тарабында, Садовое айылынын батыш тарабында, ошондой эле Москва районунун Ак-Суу айылынын (Южный кыштагында) саат 9-0дөн 17-00гө чейин электр тармактарын кыш-күз мезгилдерине даярдоо үчүн жана 10 кВ аба электр берүү чубалгыларын бойлото өскөн бак-бутактарды кыркуу, зымдарды тарттыруу оңдоо иштерине байланыштуу электр менен камсыз кылуу убактылуу токтотулушу ыктымал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224778

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.