Бакир уулу Батукаевдин иши боюнча жаңы сенсация жарала тургандыгын айтты

  29.05.13   16:44
 364

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулу Азиз Батукаевдин жана анын аялынын телефондук сүйлөшүүлөрүнүн көчүрмөсү аныкталгандан кийин чоң чыр чыгышы мүмкүн экендигин айтты.

Ал убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөсү катары Нарынга барып, бул иш боюнча маалыматы бар адамдар менен сүйлөшүп келгендигин билдирди.

"Комиссия иш алып барып жатканда Батукаевдин жана анын аялынын телефон номерлерин дагы таптык. Эгер аны иликтөөгө алсак, бул убакытка чейин алар кимдер менен сүйлөшкөндүгү аныкталат. Атактуу адамдардын аттары, фамилиялары чыгышы мүмкүн. Дагы бир сенсация жаралышы ыктымал", - деди Бакир уулу.

Эскерте кетсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаевди 9-апрелде Нарындагы №4 абактан дарыгерлердин анын "канында рак оорусу бар" деген бүтүмүнүн негизинде бошотондукка чыккан. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге Грозныйга чартердик каттам менен учуп Кыргызстандан чыгып кеткен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224779

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.