Зымсыз интернеттин ден-соолукка зыян экени аныкталды

Эгер Wi-Fiга туташкан телефондун жанында уктаса, эртең менен турганда адамдын көнүл буруусу начарлайт.
  29.05.13   16:58
 374

Даниядагы мектеп окуучулары жүргүзгөн экспериментинин жыйынтыгы окумуштуулар арасында талкуу жаратты деп жазат mail.ru сайты.

Эгер Wi-Fiга туташкан телефондун жанында уктаса, эртең менен турганда адамдын көнүл буруусу начарлайт. Мына ушундай жөнөкөй экспериментти Даниянын окуучулары жүргүзүшкөн.

Окуучулар Wi-Fi туташтырылган бөлмөгө атайын челекке гүлдүн уругун, Wi-Fi туташтырылбаган бөлмөгө бир гүлдүн уругун коюшкан. Алар бөлмөдө 12 күн турушкан. Тажрыйбанын соңунда Wi-Fi туташтырылбаган бөлмөдөгү гүлдүн уругу өз калыбында өссө, Wi-Fi туташтырылган бөлмөдөгү гүлдүн уругу өнүп чыккан эмес.

Окуучулардын бул экспериментине көпчүлүк алар бирдей шарт түзгөн жок деп ишенбөөчүлүк менен карашты. Бирок, окуучулар эки гүлдүн уругуна тең бирдей шарт каралган деп ишендиришүүдө.

Эксперименттин жыйынтыгынан кийин ага атактуу бир катар окумуштуулар да кызыга башташты. Мисалы, Швециядагы Каролина университетинин профессору лабораториялык шартта экспериментти кайталай турганын жар салды.

Ушундай эле эксперимент бир канча жыл мурун Голландияда да жасалган. Анда Wi-Fi бар жерде өскөн өсүмдүктөрдө нурдануу оорусу байкалган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224780

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.