Акыйкатчы Равшан Сабировдун саламаттыгы начарлап кеткендигин айтты

  29.05.13   17:29
 241

Ачкачылык жарыялаган Равшан Сабировдун саламаттыгы начар. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери бүгүн №47-түзөтүү колониясында болуп Сабиров менен жолуккан.

Ал Жогорку Соттун чечимине каршы чыгып, үчүнчү күнү тамак ичпей жаткандыгы маалым болгон. "Ачкачылык жарыялагандан кийин анын ден соолугу өтө эле солгундап кеткен. Кан басымы төмөндөп, көзү караңгылап, мурду бат-баттан канай баштаган", - деп жазылат маалымтта.

Эскерте кетсек, 2013-жылдын 7-мартында Сабиров КРнын кылмыш жана жаза кодесинин 310-беренесине ылайык 5 жылга эркинен ажыратылган жана үй мүлкү конфискацияланган. Ал эми Мирзаахмедовго 3 жыл абакта отуруу өкүмү чыккан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224785

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.