Жээнбеков: Керек болсо президенттин столунда Батукаевдикиндей продукты жок

  29.05.13   18:09
 223

"Батукаевдин столунда турган продуктулар керек болсо, президенттикинде да жок". Мындай пикирин эркин депутат, мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушун иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү Равшан Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, крим авторитетти бошотуу иши абдан жакшы жүргөн.

"7-апрелде самолет Бишкекке конууга уруксат сураган, 8-апрелде ал Алматыга конгон. Ал эми 9-апрелде сот Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечимин кабыл алган. Азыр болсо дарыгерлер Батукаевдин лейкоз оорусу бар экендиги тууралуу канча айтса да мен ага ишенбейм. Биз анын түрмөдө кантип жашаганын видеодон көрдүк. Эгер дарыгерлердин айтуусуна ишене турган болсок, лейкоздун оор түрү менен ооруган киши үч жума гана жашай алат. Кримавторитет болсо диагноздон кийин деле кадимкидей жашап жүрдү. Анын өз алдынча басып жүрүшү, самолетко өзү келип эле түшүп кетиши, анын эч оорубагандыгынан кабар берет. Мен ага ишенем. Ал түрмөдө кандай тамак жегенин да көрдүк. Анын столунда турган продуктулар керек болсо президенттин да столунда жок",- дейт Жээнбеков.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224786

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.