Батукаевди бошотуу чечими 2 саат 15 мүнөттө кабыл алынган

  29.05.13   18:37
 334

Батукаевдин сот ишине 2 саат 15 мүнөт кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматов билдирди. Азиз Батукаевди бошотуу тууралуу чечимди дал ушул Эрматов чыгарган.

"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешев криминалдык авторитетти бошотуу чечимин чыгарууга канча убакыт кеткенине кызыкты.

"Сот отуруму 14:15те башталып 16:30да аяктады. 45 мүнөт соттун токтомун толтурууга кетти",- деп жооп берди Нарын шаардык сотунун судьясы Эрматов.

"Демек Батукаевге ошол эле күнү соттун чечимин берген экенсиздерда? Бирок, соттолгон адамдар эмес, жөнөкөй жарандар да соттун чечимин ошол эле күнү алышы өтө оор. Алар соттун чечимин алуу үчүн бир канча күн күтүшөт",- деди Бекешев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224788

 Комментарийлер:
#1 simar
2013-05-29 19:25:12 Цитата / 0 / -

uyat ele boldu negizi...

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.