Бишкек – Сочи жаңы унаа маршруту ачылат

  30.05.13   08:00
 390

Бишкек-Сочи унаа маршрутун ачуу тууралуу билдирүү Орусияга барып иштеп жүргөн кыргызстандык куруучулар тарабынан келип түштү. Бул тууралуу "ВБ"га Батыш автобекетинин директору Ырысбек Бадиев билдирди.

Маалым болгондой, Сочиде боло турган Олимпиада үчүн көптөгөн уникалдуу спорттук жана башка жабдыктар жеткирилүүдө. Биздин жарандар дагы айрым обьекттерде иштеп жатышат. Алар аталган пунктка чейин жетүүгө оңой жана арзан жолдун болушуна кызыкдар экендиктерин билдиришкен. Жеке унаа фирмаларынын ээлери өздөрүнүн кызматтарын көрсөтүүгө да даяр.

"Жүк ташуучулардын өкүлдөрү маршрут тууралуу тиешелүү ведомстволор менен макулдашуу үчүн Москвага жөнөп кетишти. Уруксатты Казакстандан дагы алыш керек. Анткени чек араны кесип өтүүдө көйгөйлөр жаралбашы шарт. Бизде азырынча орусиялык Москва, Новосибирск, Красноярск, Тюмень багыттары иштеп жатат", деди Бадиев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224789

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.