Орусияга жер-жемиш жана жашылчаларды экспорттоо мүмкүнчүлүгү пайда болду

  30.05.13   08:02
 305

Омск облусунун ишкерлеринин делегациясы биздин товар өндүрүүчүлөр менен жолугушуу маалында, айыл чарба продукцияларын жеткирүү боюнча эки тараптуу пайда алып келе турган келишим түзүүнү сунушташты. Бул тууралуу Кыргызстандын соода өнөр жай палатасынын пиар-менеджери Эльза Боталиева билдирди.

Анын айтымында, шаардын тургундары бир мезгилге таандык продукцияларга гана кызыгышкан жок. Алар витаминдерди жыл бою кабыл алууга даяр.

"Келген меймандардын кеңеши боюнча , сүттү кайра иштетүүчү ишканаларда муздаткычтарды өндүрүштүк муздаткычтарга алмаштыруу керек экен. Сактоочу пункттарды ачуу зарыл. Сүт продукцияларын республикадан чет аймактарга жеткирүү, акыркы убакта кескин чектелди. Бирок, ошого карабай жер-жемиш жана жашылчаларды экспорттоо мүмкүнчүлүгү пайда болду. Сибирдин баардык аймактарына талап кылынууда. Орусиянын чакырыгына жергиликтүү бир канча товар өндүрүүчүлөр жооп беришти", - деди Боталиева.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224791

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.