Нарын районунда мас абалындагы жаран жердешине ок аткан

  30.05.13   08:04
 261

Нарын районунда мас абалындагы жаран 45 жаштагы жердешине каршы ок аткан.Бул тууралуу КР ИИМден билдиришти.

Болжолдуу маалыматтарга таянсак, жабырлануучу Алыш айылына келип, унаасын көчөгө токтотуп койгон. Бир канча убакыттан кийин ал мылтыктын үнүн угуп, унаасынын кузовун кимдир бирөө урганын сезген. Унаага ок атылганын көргөн жаран салондон чыгып, качып бараткан жергиликтүү тургунду байкап калган. Ал шектүү адамды үйдүн кире беришинен кууп жеткен. Бирок, кармалган жаран окуяга тийиштиги жок экендигин айткан.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, кармалган мас абалындагы айылдык тургундун колунан мергенчилердин мылтыгын алышкан. 1975-жылы туулган шектүү жаран буга чейин соттолуп чыккан.

Аталган факт боюнча Нарын РИИБнын тергөө бөлүмү КР кылмыш кодексинин "Тентектик" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Текшерүү маалында ок атуучу курал каттоодо эмес экендиги аныктылды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224792

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.