ИИМ: Баалуу металл сатуу менен алектенишкен жарандар кармалды

  30.05.13   08:07
 185

КР ИИМдин мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы аракет боюнча башкармалыктын кызматкерлерине ыкчам маалымат келип түшкөн. Анда белгисиз бирөөлөр ортомчу аркылуу баалуу металл, күмүштү сатуу менен алектенет деп айтылат.

Атайын операциянын жүрүшүндө, 28-майда ири коммерциялык каржы уюмдарынын биринин жетекчиси кармалды. Анын жанынан 9 кг 300 грамм күмүш салынган полиэтилен баштык табылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Андан аркы жүргүзүлгөн иш-чаранын негизинде, аталган окуяга тийиштиги бар ортомчулар кармалды. Алар Жалал-Абад облусунун эки тургуну болуп чыкты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224793

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.