Райондор аралык сотто тандоодо өтпөй калган талапкерлер иштерин улантышууда

  30.05.13   08:10
 291

"Райондор аралык сотто тандоодо өтпөй калган соттор иштерин улантып иштеп жатышат", деп "ВБ"га 29-майда, "Коомдук анализ институту" коомдук бирикмесинин төрайымы Рита Карасартова билдирди.

"Жогорку сотко сотторду тандоодо өтпөй калгандар өзүлөрү эле кызматтарын тапшырып беришкен. Райондор аралык сотто дагы ушундай болот деп ойлогонбуз. Бирок, өтпөй калган талапкерлер иштерин улантып жатышат", - деди Карасартова.

Карасартованын айтымында, анын уюмуна Бишкектеги райондор аралык сотто иши каралып жаткан жактоочу кайрылган. "Анын ишин тандоодон өтпөй калган сот Бермет Карагулова карап жатат. Бүгүн ал жактоочунун пайдасына чечим чыгарбай койгон. Президент ЖККУнун отурумунда катышып жүргүн маалда, булар каалаган чечимди кабыл ала беришет", деп нааразы болду ал.

Эске салсак, процедурага ылайык, президент 10 күн ичинде сотторду тандоонун үчүнчү баскычынын соңунда талапкерлерди бекитип же каршы экендигин билдирүү керек. Мындан кийин гана жаңы тандалган соттор ант берип, кызматка кирише баштайт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224794

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.